ЕЭУти Кыргызстанда Болон процессин ишке ашыруу боюнча семинарга катышты
2024-жылдын 20-июнунда Кыргызстандагы Улуттук Эразмус+ Кеңсеси Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Болон процессинин принциптерин жогорку билим берүү системасына киргизүү боюнча семинар уюштурду. Иш-чарага ЕЭУнун ректору, декандын орун басары, кафедра башчысы жана сапатты башкаруу системасы бөлүмүнүн башкы адиси катышты.
Семинардын максаттары:
- Болон процессинин принциптери менен таанышуу
- Кыйынчылыктарды жана перспективаларды талкуулоо
- Тажрыйбаны жана алдыцкы тажрыйбаны алмашуу
- ЖОЖдор үчүн рекомендацияларды иштеп чыгуу
Спикерлер:
- Абазбек уулу Расул, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары
- Нурмагамбетов Амантай Абилхайрович, «Жогорку билим берүүнү өнүктүрүү улуттук борборунун» директорунун кеңешчиси (Казакстан)
- Омирбаев Серик Мауленович, IT университетинин м.а.ректору, Астана ш., Казакстандагы жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча Улуттук эксперттер тобунун төрагасы.
- Светлана Рустамовна Сирмбард, Адам университетинин ректору
- Жылдызбек Жакшылыкович Жакшылыков, Эл аралык Ала-Тоо университетинин ректору
- Оңолкан Уманкулова, Билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча EdNet аккредитация агенттигинин президенти