Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында медициналык жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгү боюнча кеңешме

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында медициналык жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгү боюнча кеңешме

2024-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын имаратынын овал залында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У. Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке менчик медициналык университеттеринин ишмердүүлүгү боюнча кеңешме болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Д.Ш.Кендирбаева жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын жетекчилери катышты.

Жолугушуунун катышуучулары Евразиялык Эл аралык университетинин негиздөөчүсү Жумалиев К.М. жана ЕЭУнин проректору А.Т.Баймулдинова болду.

Бул иш-чаранын алкагында мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилери чет элдик студенттердин контингенти тууралуу кыскача маалымат берип, билим берүү кызматтарынын прейскуранты жарыялашты. Жыйында К.М.Жумалиев чыгып сүйлөп, ЖОЖдорго чет өлкөлүк студенттердин окуу акысын төлөө боюнча бирдиктүү тарифи боюнча жана билим берүүнү экспорттоо боюнча өз сунуштарын айтты.