Деканат

Деканат

ДЕКАНАТ

Деканат – факультеттин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат жана ал факультеттин түздөн-түз жетекчилигин жана студенттерди окутууну уюштурууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн. Өз ишмердүүлүгүндө деканат Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”, “Жогорку жана андан кийинки кесиптик билим берүү жөнүндө” мыйзамдарына, “Жогорку окуу жайы жөнүндө типтүү жобого”, университеттин уставына жана ушул Жобого ылайык иш жүргүзөт.

ДЕКАНАТТЫН МИЛДЕТТЕРИ

  • Факультеттеги окуу, окуу-усулдук, илимий, кесипке багыт берүү жана тарбия ишин уюштуруу;

  • Факультеттин курамына кирген кафедралардын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн уюштуруу жана координациялоо, окуу процессин оптималдаштыруу;

  • Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде факультет жооп берген билим берүү программалары боюнча окуу пландарын түзүүнү уюштуруу;

  • Кафедралар аралык илимий-изилдөө (анын ичинде илимий-усулдук) иштерин уюштуруу жана координациялоо;

  • Билим берүү, илимий кызмат көрсөтүүлөр жана эмгек рыногунун абалын талдоо жана божомолдоо, факультетке кабыл алуу планын, окуу пландарын жана жумушчу программаларды тиешелүү түрдө тууралоо;

  • Студенттерди жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүү;

  • Университеттеги жана башка ЖОЖдордогу окшош факультеттер менен кызматташуу;

  • Университеттин планына ылайык кызматкерлер жана студенттер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды өткөрүү.

ДЕКАНАТТЫН ФУНКЦИЯЛАРЫ: