Дизайнер-студенттер музейлерге барышты
Бүгүн Евразия эл аралык университетинин окутуучусу Саламатов Урмат «Дизайн» (ДИЗ-24) багытынын студенттери үчүн таанып-билүүчү экскурсия уюштурду.
Иш-чаранын алкагында студенттер С. А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм окуу жайын, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейин жана Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейин барып келишти.
Экскурсиянын максаты — студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүү, маданий жана тарыхый мураска кызыгуусун өнүктүрүү, ошондой эле маданий алмашууга өбөлгө түзүү.
Экскурсия мазмундуу жана шыктануу жараткан иш-чара болду. Студенттерге өзгөчө сүрөтчүлөрдүн чыгармалар көргөзмөсү жагып, алар кыргыз сүрөт өнөрүнүн жана заманбап тенденциялардын өзгөчөлүктөрү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.