Медик-студенттер тарых музейине жана драмтеатрдын ачылышына барышты

2025-жылдын 20-октябрында Евразия эл аралык университетинин медицина факультетинин студенттери кураторлор Жолдошева П.А., Паламарчук Д.А. жана Абдыраимов Б.Э. жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине барып, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын ачылыш аземине катышышты.

Иш-чаранын максаты — студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүү, тарыхый жана маданий мураска болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле маданий баарлашууну чыңдоо болуп саналат.

Экскурсия учурунда студенттер кыргыз элинин тарыхы, маданий мурасы жана көркөм өнөрүнүн мыкты үлгүлөрү менен таанышышты. Гиддер ар бир экспонат боюнча кызыктуу жана пайдалуу маалымат берип, студенттер менен активдүү баарлашышты.