Окумуштуулар кеңешинин ишмердиги

Окумуштулар кеңешинин ишмердүүлүгү
Окумуштулар кеңеши — бул университеттин билим берүү, илимий, инновациялык жана тарбиялык ишмердүүлүгүнө жалпы илимий-методикалык жана уюштуруу жагынан жетекчилик кылуучу жогорку коллегиалдуу башкаруу органы.
Негизги функциялары:
- Университеттин өнүгүү стратегиясын аныктоо;
- Билим берүү программаларын кароо жана бекитүү;
- Факультеттерди, кафедраларды жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу боюнча чечимдерди кабыл алуу;
- Кадрдык саясат маселелерин кароо, анын ичинде илимий наамдарды ыйгаруу жана кызмат орундарына талапкерлерди сунуштоо;
- Университеттин жылдык отчетторун жана илимий-окутуучулук ишмердүүлүк пландарын бекитүү;
- Ардак наамдар жана сыйлыктарды ыйгаруу;
- Академиялык мобилдүүлүк жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- Академиялык этиканын жана билим берүүнүн сапат стандарттарынын сакталышын көзөмөлдөө.
ОКУМУШТУУЛАР КЕҢЕШИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО
ОКУМУШТУУЛАР КЕҢЕШИНИН ИШ ПЛАНЫ