«Биз коррупцияга каршыбыз» аттуу темада биринчи курстун студенттери менен жыйын
Иш-чара студенттердин академиялык ак ниеттүүлүгүн жана укуктук маданиятын калыптандыруу программасынын алкагында уюштурулду.
Социалдык, маданий жана тарбиялык иштер боюнча башкы адис Бакыт Асанов экзамендик сессияларды өткөрүүнүн тартиптери жөнүндө айтып, билим берүү процессинде ак ниеттүүлүк менен адилеттүүлүктүн маанисин баса белгиледи. Ал академиялык чынчылдык — бул студенттер менен окутуучулардын ортосундагы ишенимдин негизи экенин белгиледи.
Юрист Азамат Байымбеков коррупциялык көрүнүштөргө алып келиши мүмкүн болгон аракеттер тууралуу кеңири түшүндүрүп, билим берүү процессине катышкан бардык тараптар мыйзамдарды жана этикалык нормаларды сактоо үчүн жооптуу экенин эскертти.
Коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Базарбай Гапаров маалыматты туура жана так таратуунун маанилүүлүгүн айтып, университеттин ишмердүүлүгү тууралуу текшерилбеген маалыматтарды жарыялоодон студенттерди алыс болууга чакырды.
Ушундай жолугушуулар биринчи курс студенттерине студенттик жашоого тезирээк көнүүгө жардам берип, билимге жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга өбөлгө түзөт жана жеке өнүгүүгө, кесиптик өсүүгө жасалган маанилүү кадам болуп эсептелет.