Россиянын университети менен келишим түзүү

Россиянын университети менен келишим түзүү

2024-жылдын 3-апрелинде Евразиялык Эл аралык университети өз имаратында “Россия мамлекеттик кесиптик-техникалык университетинин” Федералдык мамлекеттик автономиялык жогорку окуу жайынын ректору Валерий Васильевич Дубицкий жана анын кесиптештери менен жолугушту.

 Аларга университеттин негизги ишмердүүлүгү менен таанышууга, ошондой эле университеттер ортосундагы эл аралык кызматташтыкты жана «Педагогика», «Менеджмент» жана «IT-технология» багыттары боюнча узак мөөнөттүү өнүктүрүү пландарын талкуулоого мүмкүнчүлүк берилди.

 Жолугушуу эки окуу жайдын ректорлорунун ортосунда кызматташуу келишимине кол коюу менен аяктады.

 Россия мамлекеттик кесиптик педагогикалык университети Екатеринбургдагы жогорку окуу жайы, 1979-жылы сентябрда Свердловск инженердик-педагогикалык институту катары негизделген. Университеттин курамына 5 институт, 1 колледж, докторантура, аспирантура, Свердлов районунун жана башка шаарларда 4 филиал кирет.