Кош кел, студент!
2024 жылдын 3-декабрында Евразиялык Эл аралык университетинде 2024-2025-окуу жылына 1-курска өткөн жана башка окуу жайлардан которулуп келген чет элдик студенттерди кабыл алуу иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чарага Евразия эл аралык университетинин медицина факультетинин деканынын орун басары Орозкулова Санам Абдулхашимовна, кабыл алуу коммиссиянын адиси Акматылдаева Гүлайым Акбагышевна жана Египеттен келген студенттердин контрактеру Ахмед мырза катышты.
Окуу жайдын кызматкерлери жаны келген студенттерди ЕАУнун чоң командасына кошулушу менен куттуктап, аларга Кыргызстанда, анын ичинен, ЕАУдагы окуу процесстери, талаптары, шарттары, студенттердин укуктары жана милдеттери тууралуу түшүндүрүшүп, алардын окууларына ийгиликтерди каалап, жакшы тилектерин билдиришти.
Өз кезегинде келген студенттер да “Кыргызстанга келгенине жана окуганына сыймыктанышаарын, аларга Кыргызстан өзгөчө жакканын” айтышып, ата-энелери жана окуу жайдын жетекчилигинин үмүттөрүн актоого, өлкөнүн жана окуу жайдын мыйзамдары менен эрежелерин сыйлоого жана бек сактоого, талаптарын аткарууга убадаларын беришти.