"Сапаттуу билим" көз карандысыз аккредитациясы

"Сапаттуу билим" көз карандысыз аккредитациясы

Евразия эл аралык университети 5 жылдык мөөнөткө билим берүү ишмердүүлүгү боюнча көзкарандысыз аккредитациядан өттү

Евразия эл аралык университети билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо боюнча көзкарандысыз агенттик – «Сапаттуу билим» тарабынан жүргүзүлгөн эксперттик баалоонун жыйынтыгында 5 жылдык мөөнөткө көзкарандысыз аккредитациядан ийгиликтүү өттү.

Бул аккредитациянын негизги максаты – университеттин жана анын «Дарылоочу иш» багыты боюнча билим берүү программасынын ишмердүүлүгүнүн сапатын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык баалоо жана расмий таануу болуп саналат. Бул жетишкендик медициналык билим берүүнүн экспортун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, бул чет өлкөдө билим алып же иштөөнү пландаган студенттер үчүн да маанилүү кадам болуп саналат: учурда университет ECFMG сертификатын алуу үчүн арыз берип, 2021-жылдын сентябрь айында өткөрүлө турган Эл аралык аккредитациядан (НААР – Аккредитация жана рейтинг боюнча көзкарандысыз агенттик) өтүүгө даярданууда.

Аккредитация процессинде университет өз ишмердүүлүгүн билим берүүнүн тогуз стандарты боюнча камтыган кенен ички өзүн-өзү баалоо отчетун жана аны тастыктаган документтерди даярдаган. Андан кийин бул отчет тышкы эксперттик комиссия тарабынан каралып, андан соң университетте көзмө-көз баалоо жүргүзүлгөн.

Эксперттик комиссиянын визити 2021-жылдын 27–28-май күндөрү өтүп, анын алкагында университеттин ректору жана проректорлору, «Авиценна Медикал» университеттик клиникасынын жетекчилиги, деканат, кафедра башчылары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, студенттер жана алардын ата-энелери менен маектешүүлөр жүргүзүлгөн. Ошондой эле профессордук-окутуучулар жамааты менен жолугушуулар болуп, сабактарга катышуу уюштурулган. Комиссия университеттин окуу корпустарын, лекциялык залдарын, лабораториялык борборун, морфология-физиологиялык корпусун, виварийди жана пластинация музейин жеринен карап чыккан. «Авиценна Медикал» клиникасы өзүнчө текшерүүдөн өткөн.

Эксперттик комиссия билим берүү программаларынын сапатын, профессордук-окутуучулар курамынын квалификациясын жана университеттин инфраструктурасын жогору баалады. Өзүн-өзү баалоо стандарттарынын жыйынтык баасы 98,86% түзүп, университеттин жогорку сапаттуу билим берүү стандарттарына шайкештигин тастыктады.

Эксперттик комиссиянын сунушунун негизинде маселе Улуттук Аккредитациялык кеңеште каралып, Евразия эл аралык университетине 5 жылдык аккредитацияны берүү чечими кабыл алынды.