Морфологиялык корпус

Морфологиялык корпус

Морфологиялык жана фундаменталдык дисциплиналар үчүн арналган морфологиялык корпус эки кабаттан турат.

Биринчи кабатта төмөнкүдөй бөлмөлөр жайгашкан:
– окуу кабинеттер,
– окутуучулар үчүн бөлмө,
– нормалдуу жана патологиялык физиология лабораторияларынын кабинеттери.

Мында анатомиялык музей да уюштурулган. Ал билим берүүчү жана көрсөтмөлүү функцияларды аткарат.
Музейде организмдин айрым бөлүктөрүнүн жана толук дененин (нормалдуу жана патологиялык абалда) пластинирленген препараттары, өзүнчө органдар жана аймактар боюнча муляждар сакталган. Студенттер бул материалдарды өз алдынча же мугалим-консультанттын коштоосунда изилдей алышат.

Экинчи кабатта төмөнкү лабораториялар жайгашкан:
Микробиология лабораториясы,
Гистология лабораториясы.
Алар заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Мисалы, микроскоптон алынган сүрөттү түз эле телевизор экранына чыгарууга болот. Бул студенттерге органдардын, клеткалардын, ткандардын түзүлүшүн экран аркылуу ачык көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Лабораторияларда төмөнкү техникалар жана шаймандар бар:
– монокулярдуу микроскоптор (XSP-02),
– биологиялык микроскоптор (Микромед-2, Микромед-3),
– даяр микропрепараттар топтому (Levenhuk 38 NG, Микрометов №80, Celestron 100),
– “Анатомия жана физиология” боюнча препараттар,
– 3–6 каналды электрокардиограф,
– кандын басымын жана жүрөктүн кагышын өлчөөчү приборлор (кол менен жана автоматтык түрдө),
– эспандер-силомерлер ж.б.

Бардык лабораториялар жана аудиториялар заманбап компьютердик технологиялар менен жабдылып, окутуучулар жана студенттер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.