Табигый-гуманитардык илимдер кафедрасы

Табигый-гуманитардык илимдер кафедрасы

Маалымат

Евразия эл аралык университетинин табигый-гуманитардык илимдер кафедрасы – бардык багыттардын студенттерине фундаменталдык жалпы билим берүүчү негизги түзүмдук бөлүм. Кафедра табигый жана гуманитардык багыттагы сабактарды окутуу, илимий-изилдөө жана тарбиялык иштерди жүргүзүү менен студенттердин профессионалдык жана жеке өнүгүүсүнө керектүү компетенцияларды калыптандырат.

Кафедрада окутулган негизги сабактар:

  • тарых, маданият таануу, философия;
  • психология, педагогика, социология;
  • экология, биология, коопсуздук негиздери;
  • кыргыз тили, орус тили, чет тили;
  • маданиялараралык коммуникация жана заманбап гуманитардык билим.

Миссиясы

Кафедранын миссиясы — сапаттуу табигый жана гуманитардык билим берүү, студенттерде кеңири дүйнө тааным, аналитикалык ой жүгүртүү, жарандык жоопкерчилик жана жогорку деңгээлдеги коммуникациялык компетенциялардын өнүгүшүн камсыз кылуу.

Кафедра университтедеги гуманитардык жана табигый илимдер боюнча алдыңкы билим берүү борбору болууну көздөйт. Видениесинде төмөнкүлөр камтылат:

  • заманбап окутуу технологияларын кеңири колдонуу;
  • илимий-изилдөөлөрдү өнүктүрүү;
  • студенттер менен окутуучулар үчүн чыгармачыл жана интеллектуалдык чөйрө түзүү.

Негизги милдеттери

  • сапаттуу окутуу жана методикалык материалдарды иштеп чыгуу;
  • илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү жана студенттерди илимге тартуу;
  • тарбиялык жана маданий иштерди уюштуруу;
  • кафедра мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу;
  • ЕМУнун өнүгүү стратегиясын ишке ашырууга салым кошуу.