Хирургиялык дисциплиналар кафедрасы

Хирургиялык дисциплиналар кафедрасы

Маалымат

Хирургиялык дисциплиналар кафедрасы «Дарылоо иши» факультетинин профилдик бөлүмү болуп саналат жана хирургия тармагындагы негизги дисциплиналарды окутууну камсыз кылат. Сабактар клиникалык базаларда, операциялык бөлмөлөрдө, симуляциялык борбордо жүргүзүлөт.

Негизги дисциплиналар:

  • жалпы хирургия;
  • топографиялык анатомия жана операциялык хирургия;
  • травматология жана ортопедия;
  • нейрохирургия;
  • эндоскопиялык хирургия;
  • жүрөк-кан тамыр хирургиясы;
  • балдар хирургиясы;
  • шашылыш хирургия.

Миссиясы

Миссиясы — терең теориялык билимге, клиникалык ой жүгүртүүгө жана практикалык көндүмдөргө ээ болгон жогорку квалификациялуу хирург-дарыгерлерди даярдоо.

Кафедра хирургиялык билим берүү боюнча инновациялык борбор болууну көздөйт. Анын видениесине төмөнкүлөр кирет:

  • заманбап хирургиялык технологияларды колдонуу;
  • илимий иштерди өнүктүрүү;
  • клиникалык мекемелер менен кызматташууну кеңейтүү;
  • студенттердин жана мугалимдердин профессионалдык өсүшү үчүн шарт түзүү.

Негизги милдеттери

  • хирургиялык дисциплиналарды сапаттуу окутуу;
  • симуляциялык окутуу, клиникалык анализ жана практиканы өнүктүрүү;
  • илимий иштерди жүргүзүү жана студенттерди илимге тартуу;
  • медициналык этика, жоопкерчилик жана кесипкөйлүктү калыптандыруу;
  • кафедра окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу жана партнерлукту кеңейтүү.