Кесиптик майрам кут болсун!

Евразиялык эл аралык университетинин 1-курсунун студенттери билим менен жан дүйнөнү байытып, жарык жол көрсөткөн ардактуу мугалимдерин кесиптик майрамы менен куттукташты.
Майрамдык кече жүрөк толкуткан куттуктоо сөздөрү менен башталып, студенттердин өз калеминен жаралган ырлары, көркөм чыгармалары жаңырды. Ар бир аткарылган чыгармада – ыраазычылык, урмат-сый жана мугалимге болгон терең мээрим камтылды.
Зал ичинде мугалимдерге арналган түстүү плакаттар көз кубандырып, кыргыздын улуттук бийлери кечеге өзгөчө колорит кошту. Бул кечеде ар бир окутуучунун жүрөгүнө жылуулук толуп, студенттердин сыймыктануу сезими арта түштү.
Майрам соңунда университеттин окуу-тарбия иштери боюнча проректору, профессор Жамгырбек Бөкөшов жана декан Санам Орозкулова куттуктоо сөз сүйлөп, студенттерге ыраазычылыгын билдиришти. Алар жаш муунга билим берүү – эң бийик миссия экенин баса белгилеп, келечекте бул жаштардан чоң үмүт бар экенин айтышты.
Урматтуу мугалимдер! Сиздерге чың ден соолук, талыкпас эмгек, ар дайым сый-урмат коштосун! Билим отун жагып, жүрөктөргө үмүт уялаган ыйык кесибиңиздер үчүн таазим!