Студенттер музейге барышты

2025-жылдын 7-октябрында Диз-1-25 тайпасынын студенттери Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейине жана Тарых музейине окуу экскурсиясынын алкагында барышты.
Иш-чаранын максаты — студенттердин көз карашын кеңейтүү, маданий жана тарыхый мурастарга болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле практикалык билимдерин тереңдетүү.
Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер кыргыз элинин бай тарыхы, маданий мурастары жана көркөм сүрөт искусствосунун мыкты үлгүлөрү менен таанышышты. Экскурсоводдор алар менен кеңири баарлашып, ар бир экспонат боюнча деталдуу жана кызыктуу маалыматтарды беришти.
Иш-чара ийгиликтүү өтүп, студенттерге жакшы таасир калтырды.