Пакистандан келген коноктор

Пакистандан келген коноктор

2023-жылдын 9-ноябрында Пакистандан Захид Латиф Хан мырза жетектеген делегация Евразия эл аралык университетинде болуп, эл аралык кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Сапардын жүрүшүндө Евразия эл аралык университетине абитуриенттерди кабыл алуу жана Исламабад шаарындагы клиникаларга студенттерди практикага тартуу боюнча узак мөөнөттүү пландар талкууланды.

Конокторго университеттин материалдык-техникалык жабдыктары көрсөтүлдү: жасалма класстар, лекторийлер жана модулдук класстар, ошондой эле морфо-лабораториялык борбор, виварий жана окуу-ресурстук борбор.

Ошондой эле алар студенттик Сенаттын өкүлдөрү менен билим берүү кызматтарынын сапаты интернатурада/ординатурада окуу жана университеттин жатаканасында жашоо шарттары тууралуу маек курууга мүмкүнчүлүк алышты.