Университеттин Камкорчулар кеңеши — бул Кыргыз Республикасынын «Камкорчулар кеңеши жөнүндө» Мыйзамына ылайык түзүлгөн, юридикалык жак макамына ээ эмес, Университеттин биргелешип башкаруу органы болуп эсептелет.

МИССИЯСЫ

Камкорчулар кеңешинин миссиясы — ыктыярдуулук жана акысыз негизде иш жүргүзүүнү камсыз кылуу.

БАГЫТЫ

Университеттин эл аралык бөлүмү — бул университеттин эл аралык деңгээлдеги имиджин чыңдоо жана жакшыртуу менен бирге, учурдагы өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө жана жаңы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө шарттарды жаратуу жөндөмдүүлүгү.

СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТЫ

Камкорчулар кеңешинин стратегиялык максаты — Университет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга, ишмердүүлүктүн ачык-айкындыгын камсыздоого жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга көмөк көрсөтүү.

СТРАТЕГИЯЛЫК МИЛДЕТТЕРИ

  • Университеттин ишмердүүлүгүн натыйжалуу уюштурууга шарт түзүүгө көмөктөшүү;
  • Университетти эл аралык деңгээлдеги билим берүү, илимий жана маданий борбор катары комплекстүү өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
  • Университеттин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коом уюмдары жана эл аралык уюмдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнө көмөктөшүү;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген социалдык чөйрөдөгү мекемелерге кошумча каржылоо булактарын тартууга көмөктөшүү.