Миссия, максаттар жана милдеттер

Евразия Эл аралык Университети — бул эл аралык макамы бар инновациялык билим берүү жана илимий-изилдөө багытындагы жогорку окуу жайы.

МИССИЯСЫ

Жаңы муундагы, эмгек рыногунда талап кылынган, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо. Бул адистер улуттук өзгөчөлүктү сактоо менен, улуттук жана дүйнөлүк искусствонун баалуулуктарын алып жүргөн, туризм жана дизайн индустриясын өнүктүрүүгө салым кошкон, ошондой эле санарип доорунда европалык стандарттарга ылайык медициналык кадрларды даярдоо аркылуу коомдун саламаттыгын чыңдоого багытталган.

БАГЫТЫ

Университет — бул педагогикалык чеберчиликке үйрөтүүчү интеллектуалдык билим берүү аянтчасы. Бул аянтча улуттук өзгөчөлүктү сактаган, дүйнөлүк жана жергиликтүү маданият менен искусствонун баалуулуктарын камтыган, медициналык кадрларды жана жаңы форматтагы, санарип көндүмдөргө ээ менеджер-адистерди, туризмди өнүктүрүү боюнча коомчулук менен байланыш жана жарнама багытында даярдоону көздөйт.

СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАРЫ

Баштапкы билим берүү, туризм, дизайн, искусство жана жарнама тармактары үчүн адистерди даярдоочу илимий-билим берүү аянтчасы катары Университеттин позициясын бекемдөө.

СТРАТЕГИЯЛЫК МИЛДЕТТЕРИ

  • Заманбап инфраструктураны өнүктүрүү;
  • Университетке билим алууга шыктуу жана таланттуу жаштарды тартуу үчүн кесиптик багыт берүү жана тандоо системасын түзүү;
  • Окутуу процессине маалыматтык билим берүү технологияларын, интерактивдүү ыкмаларды жана окутуунун жаңы формаларын киргизүү;
  • Университет кызматкерлеринин кадрдык потенциалын жана квалификациясын жогорулатуу системасын өнүктүрүү;
  • Коомдун жана мамлекеттин муктаждыктарына ылайык кесиптик билим берүү жана сапаттуу окутуу жүргүзүү;
  • Тарбиялык иштерди методикалык жана маалыматтык жактан камсыздоо;
  • Креативдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү жеке адамды калыптандыруу;
  • Сапатты башкаруу системасын ишке киргизүү;
  • Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;
  • Бардык билим берүү программаларында окутуунун сапатын жогорулатуу, иш берүүчүлөрдүн талаптарын эске алуу менен;
  • Илимий-изилдөө, маалыматтык-аналитикалык, эксперттик жана долбоордук иштерди системалуу түрдө өнүктүрүү;
  • Окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин кесиптик потенциалын үзгүлтүксүз жогорулатуу системасын түзүү.