Пакистандын элчиси университетте

Пакистандын элчиси университетте

2024-жылдын 6-июнунда Кыргызстандагы Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгам университеттин негиздөөчүсү, администрациясы жана студенттери менен жолугушту. Жолугушуу май айындагы соңку окуялардан кийин элчиликтин ишинин жыйынтыгы боюнча чет элдик студенттерге маалымат берүү максатында уюштурулган. Элчи жолугушуунун катышуучуларына ыраазычылык билдирип, чет элдик студенттерге өлкөлөр ортосундагы эл аралык кызматташтык боюнча мындан аркы иштер жана Кыргызстандагы туруктуу кырдаал тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун соңунда Хасан Али Зайгам студенттердин эс алуусун жакшы өткөрүп, Кыргыз Республикасында окуусун улантууларын каалады