Чыгармачыл горизонттор: Кыргызстандын маданий мурасында мода, туризм жана графикалык дизайн улуттук форумуна катышуу

Чыгармачыл горизонттор: Кыргызстандын маданий мурасында мода, туризм жана графикалык дизайн улуттук форумуна катышуу

Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргызстандын Кара-Кыргыз Автономиялу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Чыгармачыл горизонттор: мода, туризм жана графикалык дизайн” аттуу улуттук форум өттү. Анын негизги максаты – кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу үчүн мода, туризм жана графикалык дизайн аркылуу тажрыйба жана билим алмашууга мүмкүнчүлүк түзүү.
Иш-чарага Жогорку Кеңешинин депутаттары, министрликтин өкүлдөрү, окуу жайлардын окутуучулары жана студенттер катышты.
Форумдун алкагында чыгармачыл тармактарды өнүктүрүүгө багытталган талкуулар, мастер-класстар жана студенттердин “Ала-Тоо”, “Ак башат” «Мурас» коллекциясынын көргөзмөсү тартууланды.
Евразия эл аралык университетинин Искусство, социалдык-гуманитардык илимдер, педагогика жана психология факультетинин Диз-1-24 жана Диз-1-23 тайпасынын студенттери өздөрүнүн чыгармалары менен катышып, жакшы баага арзышып, катышуучулардын арасында кызыгууну жаратты.