Жаңы жылыңыз менен !

Жаңы жылыңыз менен !

Урматтуу кесиптештер, Евразиялык эл аралык университетинин студенттери!

Жаңы жыл менен чын жүрөктөн куттуктоолорумду кабыл алыңыз! Ар бирибиз жакшы көргөн майрамынын алдында жыйынтыктарды кылуу адатка айланган.

2023-жыл маанилүү окуяларга бай болду. Анын ичинде көптөгөн олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Университет жаңы приоритеттүү багыттарды/адистиктерди ачып, студенттерди кабыл алып, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун арасындагы позициясын бекемдеди. Жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин ЖОЖдору менен эл аралык кызматташуу боюнча меморандумдарга жана келишимдерге кол коюлган. Түркиядан, Кытайдан, Пакистандан, Индиядан, Польшадан жана башка мамлекеттерден алдыңкы корпорациялар/компаниялар жана абройлуу илимий уюмдар өнөктөштүккө тартылып, ЕЭУнун Ардактуу профессорлорунун саны көбөйдү.

Ал эми бүгүнкү күндө биздин милдеттерибиздин ичине дүйнөлүк лидерликке жетишүү, ата мекендик гана эмес, дүйнөлүк деңгээлде илимий жыйынтыктарды алуу жана анын негизинде инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу кирет.

Университетибиздин кызматкерлеринин кесипкөйлүгү жана таланттары мындан ары да өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салымын кошо берерине терең ишенем.

Урматтуу достор, сиздерди Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Өткөн жылы болуп өткөн бардык жакшы нерселер маанилүү пландарды ишке ашыруу үчүн сиздерге турмуштук энергиянын зарядын берсин!

Тилеген тилектериңиз орундалсын! 2024-жыл ийгилик жана кубанычтуу окуяларды алып келсин! Ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана жагымдуу жаңы жылдык сюрприздерди каалайм!

Эң мыкты каалоолор менен,

Ректор, профессор                                                        

Аманова Р.А.