КР ЖАНА РФ УНИВЕРСИТЕТТЕРИНИН РЕКТОРЛОРУНУН ҮЧҮНЧҮ ФОРУМУ

КР ЖАНА РФ УНИВЕРСИТЕТТЕРИНИН РЕКТОРЛОРУНУН ҮЧҮНЧҮ ФОРУМУ

2023-жылдын 12-13-октябрында Ош шаарында өтө турган Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ЖОЖ ректорлорунун Үчүнчү Форумуна “Евразия Эл аралык Университети” билим берүү мекемесинин ректору Аманова Р.А.
Форумдун максаты
Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн алкагында илим жана билим берүү, бирдиктүү билим берүү мейкиндигин калыптандыруу жана Кыргызстан менен Россиянын жогорку билим берүү системаларын жакындатуу жаатындагы кыргыз-россиялык университеттер аралык кызматташуунун негизги багыттарын талкуулоо;
Мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү университеттердин ролуна жана мезгилдин талаптарына жана чакырыктарына жооп берген жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого байланышкан маселелердин кеңири спектрин кароо;
Форум студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү, биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, илимий-изилдөө иш-чараларын жүргүзүү, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо жаатындагы ЖОЖдор аралык өз ара аракеттенүүнү колдоого жана өркүндөтүүгө багытталган жаштар форумдары, жайкы жана кышкы мектептер жана башка билим берүү жана маданий интеграциялык иш-чаралар.

ФОРУМ ПРОГРАММАСЫ (жүктөө)