Чет элдик студенттердин коопсуздугу боюнча ректордун катышуусундагы жолугушуу

2024-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коопсуздук кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен Пакистан Ислам Республикасынын Атайын Элчилери жана Индиядан Кыргыз Республикасына жана чет өлкөлүк жарандар окуган жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушу болду.

КР ИИМдин Күзөт кызматынын полковниги Оролбек Акпаров келген конокторду КР ИИМдин Күзөт кызматынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, коопсуздукту чыңдоо боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары  Абазбек уулу Расул бул иш-чарага катышкандыгы үчүн бардыгына ыраазычылык билдирип, студенттердин жашаган жерлерин коргоону уюштуруу боюнча өз убагында маалымат бергени үчүн КР ИИМ жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Элчиликтердин өкүлдөрү жана ЖОЖдордун ректорлору Кыргыз Республикасында билим алып жаткан чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыздоо маселесин уюштурууда ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.