EЭУнин кызматкерлери – билим берүүдөгү гендердик зомбулук боюнча маалымат сессиясынын катышуучулары

EЭУнин кызматкерлери – билим берүүдөгү гендердик зомбулук боюнча маалымат сессиясынын катышуучулары
EЭУнин кызматкерлери – билим берүүдөгү гендердик зомбулук боюнча маалымат сессиясынын катышуучулары

2023-жылдын 9-декабрында Евразиялык эл аралык университетинде “Билим берүүдөгү гендердик зомбулук” аттуу маалымат сессиясы болуп өттү.

Бул иш-чара Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүү Ассоциациясы тарабынан “Education Out Loud” аттуу фондунун колдоосу менен уюштурулган. Тренери Баширова М.И., Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору болду. Ал гендердик зомбулук, анын билимге тийгизген таасири жана кесепеттери тууралуу маанилүү маалымат менен бөлүштү. Лектор санариптештирүү доорунда онлайн режиминде гендердик зомбулук күчөгөндүгүн белгилеп, аны университет системасында чечүү жолдорун сунуштады. Бул үчүн киберкоопсуздук маселелерин изилдөөнүн зарылчылыгын белгиледи.

Маалыматтык сессия университеттин кызматкерлерине сертификаттарды тапшыруу аземи менен аяктады.

 

Маалымат үчүн: “Education Out Loud” – алсыз жана маргиналдашкан жамааттардын муктаждыктарын эң мыкты түрүндө камсыздоо үчүн билим берүү саясатын калыптандырууда жарандык коомду колдоого арналган дүйнөдөгү эң ири фонду.