Виктор Козодой - Евразиялык эл аралык Университетинин Ардактуу профессору

Виктор Козодой - Евразиялык эл аралык Университетинин Ардактуу профессору

13-декабрь, 2023-жылы белгилүү россиялык окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор Виктор Козодой Евразия эл аралык университетинин ректораты, окутуучулары жана студенттери менен жолугушту. 

Жолугушууда профессор Виктор Козодой өзүнүн илимий изилдөөлөрү, "Сибирь кыргыздарынын Төрөсү Эренек" аттуу жаңы китеби тууралуу айтып берип, китептерин университеттин илимий коомчулугуна белекке берди.

Жолугушуунун соңунда окутуучулар жана студенттер көптөгөн кызыктуу суроолорду берип, жооп ала алышты.

Ректорат, окутуучулар жана студенттер Сибирь кыргыздарынын ханзаадасы Эренеке тууралуу кызыктуу маалымат үчүн мейманга ыраазычылык билдиришти.

Бул жолугушуу университет үчүн чоң окуя болду, ал Виктор Козодага тарыхка кошкон салымы жана жемиштүү кызматташтыгы үчүн ардактуу профессор наамын ыйгарууга мүмкүндүк берди.