Евразия эл аралык университети бүгүн 9-сентябрь

«Комуз күнүнө» карата  Кереге Кеңеш өткөрдү

 2024-жылдын 9-сентябрында Евразия эл аралык университетинде «Комуз-кыргыздын музыкалык маданиятынын негизи» аталышындагы кереге кеңеш болуп өттү.  Иш-чаранын демилгечилери Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын  Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору, «Кыргыздын салттуу музыкасы» фонду  жана Евразия эл аралык университети болуп эсептелет.

 Иш-чарага салттуу музыкалык искусствону изилдеген окумуштуулар, салттуу өнөрдү алып жүрүүчүлөр, мугалимдер жана студенттер,  ошондой эле коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

 Кереге кеңештин жүрүшүндө катышуучулар комуздун заманбап коомдогу мааниси жана көчмөн элдердин, тактап айтканда, кыргыздардын маданий мурастарын жайылтып, өнүктүрүү  боюнча өз ойлорун ортого салышты. Комуздун тарыхынын жана эволюциясынын ар кыл аспектилери, анын кыргыз музыкасына жана жалпы эле маданиятка  тийгизген таасири  тууралуу КРнын Эл артисти, «Манас» театрынын устаты Тыбылды Актанов баса белгиледи. Ал эми искусство таануу илимдеринин доктору,  профессор Роза Аманова комуз- республикабызда жашап жаткан улуттардын ынтымак-ырашкерлигине өбөлгө болуучу улуттук аспап, экенин айтып өттү.

Жолугушууда  комуз чертүү өнөрүн өсүп келе жаткан муунга үйрөтүү зарылчылыгы тууралуу талкуу гана болбостон, комуз күүлөрү дагы жаңырды.

КРнын эмгек сиңирген артисти З.Дүйшембиев, республикалык кароо-сынактардын жеңүүчүсү, маданияттын мыкты кызматкери Бек Алагушев  катышуучуларга өнөрүн тартуулап, коноктордун черин жазды. Ал эми КРнын Эл артисти, комузчу-уста, К.Молдобасанов атындагы  Кыргыз Улуттук консерваториясынын мугалими Намазбек Уралиев  «Эненин жүрөгү» күүсүн чертип берип, тарыхына токтолду.  

Кереге кеңештин жүрүшүндө адистер салттуу музыканы жаштар арасында жайылтууда жана элдин маданий өзгөчөлүгүн сактоодо комуз күнүнүн мааниси жогору экенин белгилешти.

Иш-чаранын катышуучулары мындай жолугушууларды уюштуруу демилгеси үчүн окуу жайга ыраазычылык билдирип, маданий диалогду жана билим алмашууну колдоо үчүн мындай иш-аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.

 Евразиялык эл аралык университетинин ректору  Уланбек Тотуяев, улуттук каада-салттарды сактоого жана кыргыз искусствосун жайылтууга багытталган маданий иш-чараларды колдоорун  билдирди.

Ал эми «Кыргыздын салттуу музыкасы» фондунун  жетекчиси А.Кермалиева кереге кеңештин катышуучуларына ыраазычылык билдирип, эл аралык деңгээлде белгилешине тилектеш экенин айтып өттү.

Эскерте кетсек, “9-сентябрь – Комуз күнү” 2019-жылдан бери расмий түрдө Кыргызстанда белгиленип келүүдө.

Кыргыздардын жана Кыргызстанда жашаган бардык этностордун салттуу музыкасын даңазалоо, жайылтуу, сактоо жана этностор аралык достукту, руханий маданиятты, улуттук баалуулуктарды өркүндөтүү максатында,  республикабызда жашап жаткан улуттардын ынтымак-ырашкерлигине өбөлгө болуучу  “Комуз күнү”   2019-жылдын 24-июлундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин  ПЖ № 096  номерлүү Жарлыгы  менен негизделген.

ЕЭУнун коомчулук менен байланыш бөлүмү