Евразиялык эл аралык университетинде чыгармачылык экзамен

Евразиялык эл аралык университетинде чыгармачылык экзамен
Евразиялык эл аралык университетинде чыгармачылык экзамен
Евразиялык эл аралык университетинде чыгармачылык экзамен

Евразиялык эл аралык университетиндеги “Дизайн, медиа жана коммуникациялар” кафедрасы быйылкы окуу жылда тапшырган абитуриенттерге чыгармачылык экзамен уюштурду. “Дизайн” багытына адистешкен студенттер “Сүрөт” жана “Композиция”боюнча тапшырмаларды аткарышты. Муну менен болочок дизайнерлер жогорку окуу жайдагы алгачкы сынакты өткөрүштү.

Аталган кафедранын жана уюштурулган экзамендик комиссиянын жетекчиси Бектенова Венера Эмилевнанын айтымында, “Чыгармачылык экзамен жаӊы тапшырып жаткандардын деӊгээлин жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн аныктоого мүмкүндүк берет”.

Экзаменге жыйырмадан ашык абитуриенттер катышышты. Анын жыйынтыгында комиссия бардык аткарылган иштерди жакшы баалады. Бул көрүнүш тапшырып келген абитуриенттердин билими жана даярдыгы жакшы деӊгээлде экендигинен кабар берет.