Көп күткөн бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруу күн

Көп күткөн бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруу күн

     2024-жылдын 8- августунда Эл аралык медициналык жана Евразиялык эл аралык университеттеринин бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду тапшыруу салтанаты болуп өттү.

     Иш чарага Евразиялык эл аралык университети менен Эл аралык медициналык окуу жайдын жетекчилиги менен профессордук окутуучулук курамдын өкүлдөрү катышты. Ошондой эле,  билим берүү жана илим министрлиги менен өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жана мамлекеттин саламаттык сактоо тармагынын көрүнүктүү ишмерлери келип, салтанаттын коноктору болушту.

     Эл аралык медициналык университет инновациялык билим берүүчү жана илимий-изилдөөчү жогорку окуу жай болуп эсептелет, деп белгиледи салтанатты ачып жатып аталган окуу жайлардын негиздөөчү блогунун Президенти, техника илимдеринин доктору, Кыргызстан Улуттук илимдер академиясынын академиги Кубанычбек Мырзабекович Жумалиев. Өлкөнүн алдыӊкы окуу жайларынын бирин бүтүрүп жаткандыктары менен куттуктап, ал ЖОЖ эл аралык статусу бар экендигин жана ага карата “Сапаттуу билим” программасы менен билим берүү институттары боюнча эл аралык аккредитациядан өткөндүгүн билдирди. 

     Бүгүнкү Эл аралык медициналык университети Билим берүү мекемеси Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалымдамасына кошулган. Аны менен бирге Америка Кошмо Штаттарынын медициналык жогорку окуу жайларынын чет элдик бүтүрүүчүлөр үчүн билим берүү комиссиясынын тизмесине кошулган. ЖОЖдун дипломдору шериктеш өлкөлөрдө, Индияда, Пакистанда, АКШ менен Канадада таанылган. Бул тууралуу өзүнүн куттуктоо сөзүндө Эл аралык медициналык университетинин ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Елисей Елисеевич Син айтып өттү.

     Евразиялык эл аралык университети менен Эл аралык медициналык окуу жайынын чыгарып жаткан  адисттердин компетенттүүлүгүн салтанатка катышкан башка коноктор дагы иш чаранын жүрүшүндө баса белгилешти. Алардын бири Кыргыз Республикасынын баатыры, медицина илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын академиги Миталип Мамытович Мамытов. Нейрохирургия багытында адистешкен медицина тармагынын көрүнүктүү ишмери, азыркы коомдогу медицина адисттеринин маанилүүлүгүн белгилеп, жер бетинде пайда болуп жаткан жаратылыш катаклизмдери менен кооптуу коркунучтар, адам баласынан мындай кыйынчылык сыноолорду жеӊип кетүүгө даяр болуш керектигин билдирди.

     Жаӊы миӊ жылдыкта компетенттүү кадрлардын орду менен маанисин салтанаттын башка дагы катышуучулары, бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруу аземинде куттуктоо сөз сүйлөшүп белгилеп өтүштү.

     Учурда Евразиялык эл аралык университет менен Эл аралык медициналык университети Кыргыз Республикасынын заманбап билим берүү стандарттарынын талаптарына жооп берген жетиштүү атаандаштыкты көрсөткөн окуу жайлар болуп эсептелет.  Анын аргументи катары өткөн жылдарга карата сапаттык жана сандык боюнча статистиканы айтсак болот. Мисалы, эки жыл мурун Эл аралык медициналык университетте эки миӊге жакын студент билим алган болсо, алардын жарымынан көбү эалыскы чет өлкөлөрдөн келген студенттер болгон. Ал эми калаганы Шериктеш өлкөлөр менен Кыргызстандыктар болгон. Ал эми окууга болгон контрактык төлөмдүн өлчөмү башка жергиликтүү ЖОЖдон озуп бизге келип билим алууну каалагандардын санын көбөйтүүгө шарт түзөт. Ошондуктан бүгүнкү күндө да биздин окуу жайларга келип билим алганды каалаган абитуриенттердин катары аз эмес, себеби, бир гана биздин билим мекемелеринде ийгилик менен өнүгүүгө жетишүүгө болот.