100 жылдыкка арналган футболдук мелдеш

100 жылдыкка арналган футболдук мелдеш
100 жылдыкка арналган футболдук мелдеш
100 жылдыкка арналган футболдук мелдеш
100 жылдыкка арналган футболдук мелдеш
100 жылдыкка арналган футболдук мелдеш

7-ноябрь күнү Бишкек шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана Басма сөз жана маалымат күнүнө карата Эл аралык медицина университетинин, Евразия эл аралык университетинин жана Медициналык-фармацевтикалык колледждин студенттеринин арасында “Ынтымак” футболдук мелдеши уюштурулду. Окуу жайлардын жетекчилеринин демилгеси менен уюштурулган турнир окуу жайлардын студенттик сенаттары тарабынан колдоого алынып, 3 окуу жайдан 10 команда чыкты.
Мелдештин “Ынтымак” деп аталганы чынында эле символикалуу, анткени бул окуу жайларда Кыргызстандын эле жарандары эмес, чет өлкөлүк жарандар да (Россия, Казакстан, Өзбекстан, Украина, Индия, Бангладеш, Пакистан, Египет, Кувейт, Түркия) көп. Ал эле эмес египеттик студенттер өзүнчө, индиялык студенттер өзүнчө команда болуп чыгышты. 
Мелдештин максаты мыкты футболчуларды тандоо эмес, кыргызстандык жана чет өлкөлүк студенттерди жакындан тааныштыруу, алардын ортосунда ынтымакты бекемдөө жана достукту чыңдоо эле.
Аба ырайнын бузулушу да оюнчулар үчүн тоскоолдук болгон жок, тескерисинче, оюн аябай кызыктуу болду. Ар бир команда жеңишке жетүү үчүн катуу аракеттери көрүп жатты.
Бирок “мелдеш деген мелдеш, сөзсүз анын жеңүүчүсү болот” демекчи, бул таймашта да мыкты командалар алдыга чыгышты. Оюндун жыйынтыгында 3-орунду медициналык колледжин 1-курстарынын курама командасы, 2-орунду египеттик студенттердин “Арабия” командасы, ал эми 1-орунду Эл аралык медицина университетинин СК-1-2-21 тайпасынын студенттеринин командасы ээледи. Жеңүүчүлөр кубок, медалдар, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Андан сырткары оюнда мыкты чеберчилик көрсөткөн оюнчуларга “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты коргоочу”, “Мыкты дарбазачы” деген номинациялар да тапшырылды.
Бул мелдеш чынында эле өз максатына жетти. Бардык катушуучулар бири-бири менен таанышып, бири-бирин куттуктап, жакшы мамиле чыңдалды. Эми бул окуу жайлардын мыкты оюнчуларынан курама команда түзүлүп, окуу жайлар арасындагы республикалык мелдештерге катышуу демилгеленди.