ЕЭУнин ректору КР Саламаттык сактоо министрлигинде өткөн жыйында

ЕЭУнин ректору КР Саламаттык сактоо министрлигинде өткөн жыйында

2024-жылдын 20-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларынын ректорлору менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстандагы ЖОЖдордогу чет элдик студенттердин коопсуздугу, ден соолук жана билим алуу маселелери талкууланды.

Министр чет элдик студенттерди Кыргызстанда билим алууга тартуунун маанилүүлүгүн белгилеп, муну эл аралык билим берүү байланыштарын жана маданий алмашууну өнүктүрүү контекстинде негиздеди. Ал студенттер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү суранып, кырдаал бардык тиешелүү органдардын көзөмөлүндө экенине ишендирди. Ал ошондой эле ректорлорду ЖОЖдордун университеттик клиникаларында жаткан чет элдик жарандарга дарыланууга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды.

Бул жолугушуу окуу жайлар менен эл аралык студенттердин ортосундагы ишенимди бекемдөөгө, ошондой эле университет чөйрөсүндөгү медициналык тейлөө стандарттарын жакшыртууга багытталган.

Маалымат үчүн: Азыркы учурда 5 чет элдик жаран стационардык дарылануудан өтүүдө. Тез жардам ооруканасында - 2, Улуттук госпиталда - 1, Аманат клиникасында – 2. Жабырлануучулардын абалы туруктуу. 

8 бейтап Эл аралык медициналык универститетинин клиникасынан канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.