21-февраль – Эл аралык эне тил күнү Евразиялык эл аралык университетте

21-февраль – Эл аралык эне тил күнү Евразиялык эл аралык университетте

21-февраль бүткүл дүйнөдө Эл аралык эне тил күнү белгиленет. Евразиялык эл аралык университет да бул мааракеден четте калган жок! Бул күн чынында эле маданий ар түрдүүлүк жана тилдик байлыктын мааракесине айланды.

Университетте кыргызстандык студенттерден тышкары, Индия, Пакистан, Египет, Бангладеш жана башка өлкөлөрдүнжарандары да окушат.

Бул күн жылуу жана достук атмосферада өттү. Студенттер өз өлкөлөрүнүн тилдери – урду, араб, телугу, пушту, бходжпури, синдхи, маратхи жөнүндө кызыктуу баяндамалар даярдашты. Ар бир баяндама түрдүү элдердин маданияты жана салттарына терең үңүлүүгө мүмкүндүк берген түрдүү-түстүү презентациялар менен коштолду.

Бирок кызыктуу белектер мунун менен эле бүтүп калган жок! Катышуучулар көрүүчүлөрдү өз өлкөлөрүнүн улуттук тамактары менен сыйлашты, ошондой эле көрүүчүлөргө улуттук ырлар менен бийлерди тартуулашты, бул номерлер иш-чаранын жаркыраган жылдызына айланды.

Бул күн ар бир адамга эне тилди баалоо жана сактоонун маанилүүлүгүн эске салат, анткени тилдер бири-бирибиз менен сүйлөшүүнүн гана эмес, ошондой эле биздин өзгөчөлүгүбүздүн жана маданий мурасыбыздын бир бөлүгү.

Бул күндү ушунчалык жаркын жана унутулгус кылгандардын бардыгына чоң рахмат! Келгиле, бири-бирибиздин тилдерин урматтап, үйрөнүүнү уланталы, анткени ар түрдүүлүктөгү биримдиктин күчү ушул жерде!