Чет өлкөлүк студенттерди медициналык камсыздандыруу

Чет өлкөлүк студенттерди медициналык камсыздандыруу
Чет өлкөлүк студенттерди медициналык камсыздандыруу

Евразиялык эл аралык университетинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын кызматкерлерин кабыл алышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандарды камсыздандыруунун негизги шарттары айтылып, келишимге кол коюлду.
Бул жолугушуу Кыргыз Республикасынын 450-р Министрлер Кабинетинин 04.08.2023-жылдагы буйругун аткаруу жана 2023-2024-окуу жылына карата милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү боюнча Жол картасын ишке ашыруу максатында уюштурулган.