"Дизайн" багытынын биринчи курсунун иштеринин бет ачары өттү

Евразиялык Эл аралык университетинин Дизайн факультетинин 1-курсунун студенттери презентациянын алкагында өздөрүнүн чыгармачылык билим берүү долбоорлорун тартуулашты. Окуунун алгачкы алты айынын ичинде алар жогорку чыгармачылык деңгээлин, талыкпаган эмгекти жана профессионалдуулукка берилгендигин көрсөтүшүп, берилген тапшырмаларды жана өз идеяларын түзүүнү жана ишке ашырууну ийгиликтуу үйрөнүштү.

Презентация студенттер үчүн өздөрүнүн чыгармачылык жетишкендиктери менен бөлүшүүгө жана университеттин окутуучуларынан жана административдик кызматкерлеринен пикир алышууга эң сонун мүмкүнчүлүк болду.Баардык академиялык иштер чыгармачылык жана инновациялар дүйнөсүнө салым кошууга даяр болочок дизайнерлердин таланттуу муунун чагылдырып, кызыгууну жана ыраазычылыкты жаратты.

Проректор жана профессордук-окутуучулук курамы бул студенттердин башталышы абдан жакшы жана дизайн тармагында лидер болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигине ишеним билдиришти. Коштошуу каалоолорунда алар жаш таланттарды мындан ары да өнүгүүгө умтулууга, ошондой бул жаатта эксперименттен жана өнүгүүдөн коркпоого үндөштү. Жогоруда аталган маанилүү иш-чара иштерди презентациялоо аянтчасы гана болбостон, студенттердин келечектеги жетишкендиктери үчүн мотивация болуп калды.