ЧЕБЕР УСТАТТЫН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ

Кыргыз маданияты жана салттуу кол өнөрчүлүгү чоң жоготууга учурады. 31-май күнү Кыргызстандын маданиятына зор салым кошкон көрүнүктүү ишмер, сүрөтчү, коомдук ишмер Динара Илимбековна Чочунбаева 69 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Биз бул кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.
Динара Илимбековна 1956-жылы 5-сентябрда Фрунзе шаарында туулган. 1971-жылы декоративдик багыттагы көркөм окуу жайын, 1978-жылы Москвадагы Полиграфиялык институтту аяктаган. Эмгек жолун "Кыргызстан" басмасынан баштап, көркөм редактор болуп иштеген.
1980-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун башкармалыгынын мүчөсү болгон. 1986-жылы Республикалык эстетикалык тарбия берүү борборун түзүп, 16 жыл анын директору болуп иштеген. Анын демилгеси менен 1995-жылы "Өзгөчө балдар мектеби", 1996-жылы "Кыргыз стили" маданий борбору ачылган. 2004-жылдан баштап ЮНЕСКО/ВСО программасынын Борбор Азиядагы координатору болуп иштеген.
Динара Чочунбаева 2006-жылы «Оймо» эл аралык фестивалын негиздеп, 2009-жылы CACSARC-kg ресурстук борбор фондун түптөгөн. Анын жетекчилиги алдында шырдак, ала кийиз, боз үй жасоо өнөрлөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.
Ал “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, “Эл агартуунун отличниги” сыяктуу ардактуу наамдардын ээси болгон. Мындан тышкары, бир катар мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктар менен сыйланган.
Көпчүлүк көрөрмандар аны Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде тартылган “Мен – Тянь-Шань” тасмасындагы Аселдин ролу аркылуу да таанышат.
Динара Илимбековнанын кыргыз маданиятын жана салттуу кол өнөрчүлүктү сактап калуудагы эмгеги өлчөөсүз. Анын артында калган мурасы жана жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
Дизайн, медиа жана коммуникация кафедрасынын жалпы жамааты