ЕЭУнун жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кеңейтилген коллегиясына катышуусу

ЕЭУнун жетекчилиги  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кеңейтилген коллегиясына катышуусу

2024-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда Билим берүү жана илим министрлигинин кеңейтилген коллегиясынын отуруму болуп өттү. Кыргыз Республикасынын орто жалпы, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда өттү.

 

Министрлер Кабинетинин Башчысы чогулгандарды келе жаткан 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, аларга ден соолук, бакубатчылык, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалады.

Акылбек Жапаров «Билим берүү тармагы өлкөнүн келечегинин өзөгү жана өзгөчө көңүл бурууну талап кылат» деп баса белгиледи. Бизге билим берүү тармагында принципиалдуу өзгөрүүлөр керек. Адамдык капитал – биздин эң чоң байлыгыбыз». Мамлекет башчысы тарабынан социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча алдыга коюлган максаттарга жетүүнүн негизги шарты – бул эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана жаштарыбыздын билиминин жана жөндөмүнүн сапатын бир нече эсеге жогорулатуу», - деди Акылбек Жапаров.

2023-жылдагы иштин жыйынтыгы жана 2024-жылга карата пландар тууралуу КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева баяндама жасады. Догдуркүл Кендирбаева өз сөзүндө 2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүнүн 7 приоритеттүү багытын сунуштады.

1-багыт: Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды эрте өнүктүрүү

Максат: 2024-жылы мектепке чейинки билим берүү менен 40% камтууга жетишүү зарыл.

2-багыт: Билим сапаты

Максат: 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүү.

3-багыт: Санариптик билим берүү

Максаты: Өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлинде билим берүүнү санариптештирүүнү камсыздоо.

4-багыт: Мамлекеттик тил

Максаты: Натыйжалуу тил үйрөнүү системасын түзүү.

5-багыт: Коомчулук менен иштөө (ата-энелер менен өз ара аракеттенүү жана балдарды тарбиялоо)

Максаты: Балдардын корголушун, өнүгүшүн жана келечекке даярдалышын камсыз кылуу.

6-багыт: Менеджментти оптималдаштыруу (административдик-аймактык реформанын алкагында)

Максаты: Билим берүүнү башкаруу системасынын жаңы моделин киргизүү.

7-багыт: Конкуренттүү кесиптик билим берүү

Максаты: Кесиптик-техникалык билим берүүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу.

 

 

Сөзүнүн жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Башчысы жогорку окуу жайларына жана илимий мекемелерге бир катар тапшырмаларды берди.