Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушуу

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушуу

2024-жылдын 2-февралында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында чет элдик студенттер билим алып жаткан Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын жетекчилери менен жолугушуу болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү калк тарабынан чет элдик студенттерге каршы кылмыштардын саны өскөндүгү тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары виза алуудагы көйгөйлөр, чет элдик студенттерди депортациялоо жана башка маселелер талкууланып. Жыйындын соңунда чет элдик студенттердин катышуусунда ЖОЖдордо жолугушууларды уюштуруу сунушталды.