Евразия эл аралык университетинин өкүлдөрүнүн Пакистан Ислам Республикасына иш сапары тууралуу

Евразия эл аралык университетинин өкүлдөрүнүн Пакистан Ислам Республикасына иш сапары тууралуу

2024-жылдын 16-январынан 28-январына чейинки аралыкта Евразия эл аралык университетинин (мындан ары – ЕЭУ) Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Д.Мураталы уулунун Пакистан Ислам Республикасына иш сапары болуп өттү. Аталган иш-чара бул өлкөнүн абитуриенттерине ЕЭУда окууга профессионалдык багыт берүү максатында өткөрүлдү.

Иш сапардын алкагында Исламабад жана Равалпинди шаарларында жайгашкан окуу жайлардын жана колледждердин студенттери менен бир катар конференциялар өткөрүлдү. Мындан тышкары, Кыргызстанда жогорку билим алууга кызыккан потенциалдуу абитуриенттер менен жолугушуулар уюштурулду.

Пакистандык абитуриенттерге ЕЭУдагы окуу программалары, бай материалдык-техникалык базанын болушу жана ар тараптуу өнүгүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр тууралуу толук маалымат берилди. Суроо-жооп сессиясынын жүрүшүндө пакистан тарабынын өкүлдөрү ЕЭУнун билим берүү программаларына активдүү кызыгып, аталган университетте окуусун улантууга даяр экендигин билдиришти.

Мындан тышкары, ЕЭУ менен “TYDA” билим берүү уюмунун ортосунда биргелешкен онлайн окутуу программаларын уюштуруу боюнча алдын ала келишимдер түзүлдү.