Бахрия университетинин делегациясы ЕЭУга

Бахрия университетинин делегациясы ЕЭУга
Бахрия университетинин делегациясы ЕЭУга
Бахрия университетинин делегациясы ЕЭУга

2023-жылдын 13-14-октябрында Бахрия университетинин делегациясы (Исламабад, Пакистан) Вице-адмирал, университеттин ректору Асиф Халик мырза жетектеген Евразия Эл аралык университетинде болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки университеттин академиялык кызматташтыгынын келечеги: студенттерди алмашуу жана биргелешкен илимий-изилдөө иштери талкууланды. Бахрия университети тарабынан баяндамачылар: ректор Асиф Халик жана проректор, Медицина илимдери департаментинин директору Айсф Али Асиф. Университет менен кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Жолугушуу келечекте өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу келишими менен аяктады.
Делегацияга университеттин материалдык-техникалык жабдылышы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилди.


Келген коноктор үчүн маданий иш-чара жана Кыргыз Республикасынын кооз жерлерин көрсөтүү уюштурулду.