Жалал-Абадда I Евразиялык мультидисциплинардык конференция өттү

Жалал-Абадда I Евразиялык мультидисциплинардык конференция өттү
Жалал-Абадда I Евразиялык мультидисциплинардык конференция өттү

2025-жылдын 18-июнунда Жалал-Абад шаарында «Илим менен практиканы интеграциялоо: заманбап чакырыктар жана инновациялык чечимдер» аттуу I Евразиялык мультидисциплинардык конференция өттү. Бул иш-чара Жалал-Абад Эл аралык университетинин түзүлгөн күнүнө арналган.

Конференцияга Кыргызстан, Индия, Пакистан, Өзбекстан жана Казакстандан келген окуу жайларынын окумуштуулары катышты. Евразиялык эл аралык университетинин атынан бул иш-чарага проректор, химия илимдеринин доктору, профессор Эрназарова Б.К. катышты.

Конференцияда билим берүү жана илимий чөйрөдөгү биргелешкен долбоорлор, ошондой эле эл аралык кызматташтык негизинде адистерди даярдоо маселелери талкууланды.

Иш-чарадан кийин Эрназарова Б.К. Жалал-Абад эл аралык университетине барып, университеттин ректору Нарбаев М.Р. менен илим жана билим берүү тармагындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кызматташтык жана өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту.

Бул конференция региондогу жогорку окуу жайлар ортосундагы илимий байланыштарды чыңдоого жана туруктуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө маанилүү кадам болду.