ЕЭУнун студенттери Алматыдагы этнодизайн жарманкесинде

Казакстандын этникалык дизайнерлер союзу Алматы шаарынын мэриясы менен биргеликте Нооруз (Наурыз) майрамына карата жарманке уюштурду. Иш-чаранын негизги максаты - казактын улуттук кол өнөрчүлүгүн жайылтуу жана колдоо, жаштардын көңүлүн искусствого буруу жана улуттук каада-салтты жандандыруу.

Жарманкеге 100дөн ашык кесипкөй усталар жана сүрөт мугалимдери тери, жыгач жана зер буюмдарын тартуулашты. Улуттук кийимдердеги мода көргөзмөсү өзгөчө кызыгууну жаратты. Мындан тышкары, казакстандык дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр Кыргызстан, Өзбекстан жана Монголиядан келген кесиптештери менен биргеликте өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Иш-чарага Кыргызстандан дизайнерлер чакырылып, Евразиялык эл аралык университетинин студенттери Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде жаралган “Кылымдан да узакка созулган күн” жыйнагын тартуулашты. Долбоордун жетекчиси Венера Эмиловна Бектенова, дизайн, медиа жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы.

Маданий мурастарды жайылтууга кошкон салымы үчүн студенттерге грамоталар жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды.