Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинде ЕЭУнун ректордун катышуусу

Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинде ЕЭУнун ректордун катышуусу

2024-жылдын 6-июнунда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өлкөдө медициналык багытта билим берген жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен онлайн\оффлайн форматында жыйын өткөрдү.

Жыйында Кыргызстанда медицина жаатында билим алган чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугу, аларга түзүлгөн шарттар, Кыргыз Республикасынын өзгөчөлүгү, маданияты боюнча жүргүзүлгөн маалымдуулук тарбия иштери, ЖОЖдордогу билим берүүнүн сапаты жана алардын илимий-практикалык базасын жакшыртуу маселелери талкууланып, сунуштар айтылды.

Министр Догдуркүл Кендирбаева жогорудагы маселелер боюнча комиссия түзүлүп, анализдер жасаларын жана медициналык багыттагы жогорку окуу жайларга талаптар күчөтүлөрүн билдирди.