Кыргыз-орус билим берүү форумуна ЕМУ катышты

Кыргыз-орус билим берүү форумуна ЕМУ катышты

Кыргыз-орус билим берүү форумуна ЕМУ катышты

Бишкекте эки күндүк кыргыз-орус билим берүү форуму өтүп,  анда Россиянын жогорку окуу жайларынын азыркы учурдагы жетишкендиктерин көрсөткөн талкуулар жана мастер-класстар  болду.  

Бул форумга Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайларынын жетекчилери менен Россиянын окуу жайларынын жетекчилери, окумуштуулары, ошондой эле Евразиялык эл аралык университененин ректору У.А. Тотуяев менен бирге профессордук окутуучу курам да катышты.   

Иш чаранын жүрүшүндө,   ЖОЖдордун орус-кыргыз консорциумдарынын келечегине өзгөчө көңүл бурулуп, ЖОЖдор ортосунда кызматташуу тууралуу келишимдерге кол коюулду.

Белгилей кетсек, форум Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана “Россия кызматташтыгы” федералдык агенттиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын колдоосу менен уюштурулган.