Түркиялык блогерлер Евразиялык эл аралык университте

Түркиялык блогерлер Евразиялык эл аралык университте

Түрк дүйнөсүн түрө кыдырып, түрк тилдүү элдердин тарыхын, маданиятын чагылдырып жүргөн белгилүү журналист, блогер  Idil Saliha Küntüz Duran  Евразиялык эл аралык университетинде болду.

Idil Saliha Küntüz Duran  менен чогуу режиссер  Enes Yıldırım,  Burak Duran жана   кичинекей   Güneş Kutluhan Duran да келди.

Idil Saliha Küntüz Durandyn айтымында, Burak Duran экөө баш кошуп, түтүн булатканына жети жылдын жүзү болуп, Güneş Kutluhan Duran аттуу уулу бар.

Борбор Азия боюнча караван тур  кылып жүргөн түркиялык конокторду түрколог, филология илимдеринин доктору Кадыралы Коңкобаев аталган университеттер менен тааныштырып, бул жогорку окуу жай  динамикалык өнүгүп келе жаткандыгын баса белгиледи.

Экскурсия учурунда конокторду Евразиялык эл аралык университетинин ректору Тотуяев Уланбек  Асанкулович кабыл алып, түрк дүйнөсүнүн жалпы маданияты, келечектеги кызматташтык  боюнча баарлашты.

Мындан тышкары алар,  университеттин алдындагы клиникада болушуп, клиниканын башкы дарыгери медицина илимдеринин кандидаты, ортопед  Советбек  Казаков менен таанышты. Казаков клиниканын мүмкүнчүлүктөрүн, жабдуусун  көрсөтүп, эл аралык деңгээлдеги операциялар жасалып жаткандыгына токтолду.

Университетке  экскурсия кылган туркиялык блогер Idil Saliha Küntüz Duran улуттук көргөзмө кеңсесиндеги кыргыз элинин тарыхый маданияты чагылдырылган боз үйгө кирип, кыргыз маданияты боюнча маалымат алды.

 Блогердин өзүнүн айтымында, анын жети жылдан бери түрк дүйнөсүн кыдырып жүргөндүгүнүн негизги максаты - түрк ааламын бириктирүү.