Евразия дизайнерлеринин союзу

Евразия дизайнерлеринин союзу

2023-жылдын 26-ноябрында С.Чуйков атындагы Сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында Евразия дизайнерлер союзунун 10-жылдыгына карата сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Дизайнерлердин Евразиялык биримдиги – бул уникалдуу аянтча жана өзүңүздү билдирүүгө жана аны тандалган, кесипкөй аудиторияга көрсөтүүгө зор мүмкүнчүлүк. Төрагасы – Казакстан Республикасынын маданият ишмери, Улуттук дизайн академиясынын академиги, искусство илимдеринин профессору Асылханов Е.С. Бул уюмдун мүчөлөрү Италия, Германия, Франция, Россия жана Борбор Азиядан келген дизайнерлер.

Биздин университеттин агай окутуучулары жана студентибиз чыгармачылык ийгиликтери үчүн сыйлыктарга ээ болушту.

Евразиялык эл аралык университети биздин агай окутуучуларды жана студентибизди куттуктайт:

 Закиров Улуубек, ЕЭУнин доценти Казакстан Республикасынын Улуттук дизайн академиясынын академиги болгон, дизайн тармагындагы чыгармачылык ийгиликтери “Академик” сертификатын жана жогорку даражадагы Дипломун алгандыгы үчүн;

 Токтоев Сталбек, ЕЭУнин ага окутуучусу Казак Республикасынын Улуттук дизайн академиясынын академиги болгон, «Академик» сертификатын жана Евразия дизайнерлер союзунун мүчөсү алгандыгы үчүн;

 Аслан Кашкарбаев, гр. «Дизайн» багыты боюнча ДИЗ-1-22, Улуттук дизайн академиясынын академиги болгон жана Евразия дизайнерлер союзунун мүчөсү алгандыгы үчүн.

Чын жүрөктөн куттуктоолорубузду кабыл алыңыз жана жашооңуз башка сыйлыктарга толсун.

 

Евразиялык Эл аралык университети өзүнүн окутуучулары жана студенттери менен сыймыктанат!