САРЫ-ӨЗӨН ЧҮЙДӨГҮ КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ ИШТЕРИ

2024-2025-окуу жылы аяктап баратат. Азыр бардык окуу жайлар жаңы 2025-2026-окуу жылына даярдык көрө башташты.
Евразиялык эл аралык университети да бул багытта чоң иштерди баштады. Университеттин кызматкерлеринен жана студенттеринен жумушчу команда түзүлүп, алар 4 топко бөлүнүп, Чүй облусунун райондорун түрө кыдырып иштеп келишти. иштешти.
1-топ Сокулук жана Москва райондоруна, 2-топ Ысык-Ата жана Аламүдүн райондоруна, 3-топ Жайыл жана Панфилов райондоруна, 4-топ Токмок шаары, Чүй жана Кемин райондоруна барып келди.
Кесипке багыт берүү жараянында облус боюнча 230 мектепте бүтүрүүчү класстын окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлдү. Аларда окуу жай, алардын материалдык-техникалык базасы, адистиктер, эл аралык байланыштар, окуунун контракттык төлөмү ж.б. тууралуу кеңири маалыматтар берилип, видеороликтер көрсөтүлдү.
Окуучуларды жана мугалимдерди университеттеги контракттык төлөм, эл аралык байланыштар, жатакана, окуудан кийинки жумушка орноштуруу, студенттик спорттук жана маданий турмуш, кошумча билим ж.б. маселелер боюнча суроолор кызыктырып, кызуу талкуулар болду.
- Чүй облусунда кесипке багыт берүү иштери натыйжалуу өттү жана максатына жетти де пишенебиз, - деп билдирди команданын мүчөлөрү.