Кытай-Борбор Азия кызматташтык форумунда ЕЭУнун ректору

Кытай-Борбор Азия кызматташтык форумунда ЕЭУнун ректору
Кытай-Борбор Азия кызматташтык форумунда ЕЭУнун ректору

 «Евразиялык эл аралык университет» окуу жайынын ректору Р.А.Аманова 14-октябрь 2023-жылы Алматы, Казакстан Республикасында өткөн «Төртүнчү өнөр жай революциясы: өнөр жай менен билим берүүнүн интеграциясы» аттуу Кытай-Борбор Азия мамлекеттеринин жогорку билим берүү тармагындагы кызматташуу форумуна катышууда. Форумду Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети жана менен Сиан Цзяотонг университети жана уюштурган.

Форум өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди жана өз ара пайдалуу эл аралык кызматташтыкты тереңдетүүгө, билим берүүнүн, илимдин жана өндүрүштүн интеграциясын өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасынын, Казакстандын жана Кытайдын ЖОЖдору өз ара алмашууну жана мындын ары кызматташтыкты чыңдоо, тереңдетүү жана жемиштүү кызматташууга жетишүү үчүн байланыштарды түзүүгө жол ачты.