Евразия эл аралык университети Улуу Британиянын Башкы медициналык кеңешинин (General Medical Council) талаптарына шайкеш келүү квалификациясынан ийгиликтүү өттү
2025-жылдын 21-январында Евразия эл аралык университети көрсөтүлүүчү медициналык билиминин алкагында Улуу Британиянын Башкы медициналык кеңешинин талаптарына шайкеш келүү квалификациясынан ийгиликтүү өттү.
Мындан ары Евразия эл аралык университетинин медициналык адистиктер боюнча окуусун аяктаган бүтүрүүчүлөрү PLAB (Улуу Британиянын Кесиптик жана Лингвистикалык Баалоо Кеңеши) сынагына тапшырып, Улуу Британиянын Башкы медициналык кеңешине каттоо процедурасынан алардын квалификациясын жекече баалоосуз өтө алышат.
Бул жетишкендик Евразия эл аралык университетиндеги билим берүүнүн жогорку стандарттарын көрсөтүп турат жана бүтүрүүчүлөрүбүзгө Улуу Британиянын медициналык мекемелеринде медициналык практикадан өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.