ЕМУ эл аралык илимий-билим берүү кызматташтыгын чыңдоодо
2025-жылдын 8-9-июнунда Кытайдын Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин илимий-техникалык кызматташтык форуму жана IV Жаштар инновация жана ишкердик конкурсынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Бул жогорку деңгээлдеги иш-чарага Евразия эл аралык университетинин атынан окуу жана илимий иштер боюнча проректор, химия илимдеринин доктору, профессор Бактыгүл Кочкорбаевна Эрназарова катышты.
Форумдун программасына Жаштар инновациялык форуму, университеттердин илимий-техникалык жетишкендиктеринин көргөзмөсү, ошондой эле билим берүү жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен адистерди даярдоо багытындагы панелдик талкуулар кирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Евразия эл аралык университети менен ШКУга мүчө мамлекеттердин Кытай технологиялар трансфери борборунун ортосунда өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлду. Максаты — эки тараптын ортосундагы кызматташууну тереңдетүү жана кеңейтүү, илимий топтордун, лабораториялардын жана борборлордун ортосунда байланыш түзүү.
Кол коюлган документ ЕМУнун илим, инновация жана билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыгын бекемдеп, ШКУ алкагындагы жаштар демилгелерин ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.