Кыргызстан менен Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрликтери кызматташат

Кыргызстан менен Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрликтери кызматташат

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Өзбекстандын Саламаттык сактоо министринин орун басары Даврон Тахиров менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу Азербайжанда өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 4-жыйынынын алкагында өттү.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы кызматташуу тууралуу макулдашуунун негизинде эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагындагы өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү маселелери талкууланды.

Жолугушууда өзгөчө көңүл трансплантология, анын ичинде дарылоо жана адистерди даярдоо жаатында тажрыйба алмашууга бурулду.

Эки өлкөнүн министрликтери калктын ден соолугун чыңдоо максатында бардык белгиленген багыттар боюнча жигердүү кызматташууну улантуу ниетин билдиришти.