Бүткүл дүйнөлүк философия күнү белгиленди

Евразия эл аралык университетинде Бүткүл дүйнөлүк философия күнү белгиленди. Ага окуу жайдын администрациясы, окутуучулары жана студенттер катышты. Иш-каранын алкагында ЕЭУнун ректору, философия илимдеринин доктору, профессор Ж.Б. Бөкөшовдун философия боюнча жазган илимий жана окуу китептери, ырлар жыйнагы, философиялык журналдар коюлган китеп көргөзмөсү уюштурулду. Алгач Ж.Б. Бөкөшов катышуучуларды, студенттерди жана бардык ой жүгүрткөн инсандарды майрам менен куттуктап, философия күнү, деги эле философия тууралуу ойлору менен бөлүштү. Салтанаттын коногу, Эл аралык медицина университетинин ректору С.Ш.Сыдыков жалпы катышуучуларды, анын ичинен философторду майрамы менен куттуктап, Ж.Бөкөшовдун эмгектерине баа берип, ийгиликтерди каалап өттү.

Ошондой эле бүгүнкү күндүн алкагында ЕЭУда “Акыл” философия клубунун ачылыш аземи болду. Клуб философияга кызыккан окутуучулар жана студенттер менен тыгыз кызматташууга, талкууларды, семинарларды, лекцияларды, дебаттарды жана башка интеллектуалдык иш-чараларды уюштурууга багытталган.